Бүгүн, 5-мартта юстиция министри Марат Жаманкулов басма сөз жыйынында сүйлөп жатып, жаңы ишке кире турган пробация (абактан сырткары жаза) институту Истиция министрлигине өткөрүлүп бериши керек экенин айтты. Ушул эле күнү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жетекчиси Мелис Турганбаев Жогорку Кеңештин комитетинде маалымат берип жатып мындай демилгени колдой тургандыгын, бирок ал 2020-жылы эмес, 2025-жылы ишке ашышы керек экенин билдирди.
- ЖАМКта 10 жылдан бери көптөгөн проблемалар жаралды. Алардын бири - бул кадр проблемалары. Азыр бул системада мурда түрмөлөрдө, тергөө абактарында жана колонияларда эмгектенип келген адамдар, мурдагы милиция кызматкерлери жана тергөөчүлөр иштейт. Алардын ой жүгүртүүсү башкача. Алар ар бирине кылмышкер катары мамиле кылат. Дүйнөдө пробация институту - жарандык мекеме. Ал жакта соттолгондорго кардар катары мамиле кылынат, - деди Жаманкулов.
Ал эми Мелис Турганбаев Жогорку Кеңештин комитетинде сөз сүйлөп жатып пробация институтун Юстиция министрлигине 2020-жылы эмес, 2025-жылы өткөрүп берүү туура болорун айтты.
2019-жылдан тартып «Пробация жөнүндө» мыйзам иштей баштады. (KR)