5-марттан 8-мартка чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга
байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү ыктымал. Кээ бир райондордо жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй, Талас облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...8,
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -3...+2, күндүз 5...10,
Ысык-Көл аймагында түнкүсүн -3...-8, күндүз 3...8,
Нарын жергесинде түнкүсүн -13...-18, күндүз -2...+3,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16...-21, күндүз -3...-8 градус болот.
Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 6…8 градус болот. (KR)