Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:45

Пакистан Индиянын талабы менен 44 кишини камакка алды


Индиянын коопсуздук кызматындагылар, 5-март, 2019-жыл.
Индиянын коопсуздук кызматындагылар, 5-март, 2019-жыл.

Пакистандын Ички иштер министрлиги ондогон кишини, анын ичинде Индия Кашмирдеги жардырууга тиешеси бар деп айыптап жаткан “Жаиш-и Мухаммад” тобунун лидеринин инисин кармады. Нью-Дели кармалгандарды 14-февралда талаштуу Кашмир аймагында Индиянын 40 аскерин өлтүрүүгө тиешеси бар деп санайт.

Жанкечтинин жардыруусу Кашмирде өзөктүк куралы бар эки өлкөнүн ортосунда согуш отун тутантып жибербесин деген кооптонууну жаратты.

Тиреш өткөн аптада Индия Пакистандын аймагында жашынган согушкерлерди бутага алып, абадан сокку урганда күчөдү.

Пакистан Индиянын эки согуштук учагын атып түшүрүп, учкучту туткунга алган. Өткөн жума аягында Исламабад ал учкучту Нью-Делиге өткөрүп берди.

5-мартта Пакистандын Ички иштер министрлиги 44 кишини, анын ичинде тыюу салынган “Жаиш-е-Мухаммад” кыймылынын лидери Масуд Азардын иниси Муфтий Абдул Рауф кармалаганын билдирди. Рауф Индиянын бийлиги берген "кара тизмеде" болчу.

XS
SM
MD
LG