6-мартта Коомдук телеканалдын Байкоочу кеңеши өткөн баскычтан тандалып чыккан сегиз талапкердин ичинен бирөөнү тандап алат. Байкоочу кеңештин мүчөсү Азамат Болгомбаевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, шайлоо 6-мартта, саат 15:00дө башталат.
- КТРК башкы директорун шайлоо тууралуу жобо боюнча 4-баскыч акыркысы. Ошого жараша биз бүгүн жашыруун добуш берүү менен алардын ичинен бирөөнү тандап алабыз, - деди ал.
Азамат Болгомбаев талапкерлердин саны көп болгондуктан, директорду шайлоо эки айлампа менен өтүшү ыктымал экенин да кошумчалады.
1-мартта телеканалдын директорлугуна талапкер болгон 17 кишинин ичинен сегизи: Ибраим Нуракун уулу, Мирлан Самыйкожо, Замирбек Казакпай уулу, Галина Байтерекова, Жайнак Үсөн уулу, Болотбек Тиллебаев, Адил Турдукулов жана Сураган Босумбаев финалдык баскычка өткөн.
28-февралда учурдагы директор Илим Карыпбеков кайра шайлануу боюнча өз арызын кайтарып алган.
КТРКнын башкы директору Байкоочу кеңеш тарабынан төрт жылдык мөөнөткө шайланат. (ZKo)