6-мартта Бишкекте «Ала-Арча» резиденциясында «Аялдар айылдык кеңештерде 30% кем болбосун» деген форум болот. Анда элеттеги аялдарды ар тараптуу өнүктүрүү зарылчылыгы, айылдык кеңештерде аялдардын ордун көбөйтүү тууралуу маселе козголот. Форумга вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, Жогорку Кеңештин депутаттары, эл аралык жана жарандык коом өкүлдөрү катышат.
Расмий маалымат боюнча, 2019-жылдын 1-январына карата Жогорку Кеңеште айымдар жалпы депутаттардын 16% түзөт. Ал эми жергиликтүү кеңештердин деңгээлинде айымдар – 10%. Мамлекеттик кызматтагы аялдардын орду 42%, муниципалдык кызматта – 37%.
Ал эми саясий мамлекеттик кызмат орундарындагы аялдардын үлүшү 12% түздү, муниципалдык саясий кызмат орундарында 4% гана. Кыргызстанда 2020-жылга чейин гендердик теңдикке жетүү боюнча Улуттук стратегия кабыл алынган. (ZKo)