Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:52

АКШ Түркияга Орусиядан С-400 сатып алуунун кесепетин эскертти


АКШнын F-35 аскердик учагы.
АКШнын F-35 аскердик учагы.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Түркиянын бийлигин эгер Анкара Орусиядан С-400 ракеталарын сатып алчу болсо, америкалык бомба таштоочу жана ок атуучу учактарды ала албай тургандыгы тууралуу эскертти. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин өкүлү Роберт Палладино 5-мартта билдирди:

«Биз Түркияга так жана даана эскерттик. Эгер Анкара С-400 ракеталарын сатып алса, бул Вашингтондун бомба таштоочу жана ок атуучу F-35 учактарын сатуу тууралуу маселени кайра карап чыгышына алып келет жана мындан ары башка куралдарды сатуу маселесин да кооптуу абалга кептейт», - деп айтты Палладино.

АКШ өзүнүн F-35 классындагы 100 учагын Түркияга сатууга макулдугун берген, бирок азырынча экөө гана сатылган.

Конгресс калгандарын сатууну токтото турууну чечкен.

Вашингтон ошондой эле Түркияга ракетадан коргонуу боюнча «Patriot» системасын сатуу тууралуу өз сунушунан да баш тартышы мүмкүн экенин билдирди.

2018-жылы Түркия Орусиядан төрт даана С-400 ракетасын сатып алыш үчүн 2,5 млрд. долларлык келишим түзгөнүн орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышкан.

АКШ менен НАТОнун өкүлдөрү Түркия Орусиянын аскер системаларына ээ болсо, Түндүк Атлантикалык Альянстын жашыруун технологиялары Москванын колуна тийип калышы ыктымал деп чочулашат.

XS
SM
MD
LG