Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:45

Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун соту жабык өтүүдө


Айыпталып жаткан Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматов.
Айыпталып жаткан Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматов.

Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун кылмыш иштери бириктирилип, соттук отуруму Ленин райондук сотунда жабык өтүп жатат.

Соттук отурумга журналисттер, айыпталуучулардын туугандары жана жакындары киргизилбей, видео жана сүрөт тартууга да тыюу салынды.

Жалпысынан эки мэрдин ишине байланыштуу дагы 12 кишиге айып коюлган.

Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы жана Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кулматов баш калаада мектеп салууга жумшалган 2 миллион долларды пайдалануудагы жемкорлук үчүн айыпталган. Ал эми Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган. (KR)

XS
SM
MD
LG