Президент Сооронбай Жээнбековдун 6-марттагы жарлыгы менен Муктар Жумалиев Белгияга, Мирослав Ниязов Ооганстанга, Мирлан Арстанбаев Жапонияга элчи болуп дайындалышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Алардын талапкерлигин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук боюнча комитети колдогон.
Буга чейин Ниязов Тажикстанда элчи, Жумалиев АКШда, Арстанбаев Стамбулда башкы консул жана «Кыргыздипсервис» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп иштеген. (КЕ)