Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:13

Отунбаева: жалаң эркектерди дайындаган өкмөт башчыга нааразыбыз (видео)


Роза Отунбаева.
Роза Отунбаева.

Кыргызстанда жетектөөчү кызматтарга аялдар дайындалбай жатат. Мындай сын 6-мартта Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденцияда өткөн форумда айтылды. Экс-президент Роза Отунбаева көп учурда Кыргызстандын жүзүп көрсөтүп, желегин аялдар көтөрүп жатканын белгиледи:

- Аймактык диалогдо кара түндөй болуп отурган эркектерди көрүп чочуп да кеттик. Эркек парламент келген учурда да мындай эмес эле. Форумга премьер-министр келсе анын көзүнө да айтат элем. Буйруктун, дайындоонун баары премьердин колунда. Ушундай позицияларга жалаң эркектерди дайындайт. Биз, аялдар абдан нааразыбыз.

Аялдар маселесине арналган форумга чакырылган премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, эркек депутаттар келген жок. Эл өкүлү Аида Касымалиева бул аялдардын маселесине эркектердин көңүл кош мамилесинин далили катары баалады.

Форумда айылдык кенештерде 30% мандатты аялдар үчүн камсыз кылуу боюнча мыйзам долбоору талкууланды. Ага экс-президент Роза Отунбаева, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, ЖК жана айылдык кеңештин аял депутаттарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Ушул тапта жергиликтүү кеңештеги депутаттардын 11% аял, парламентте 15%, өкмөттө 12,5% түзөт. (КЕ/AiA)

XS
SM
MD
LG