Орусиянын Владимир облусундагы Гороховец шаарында «Русджам» пластик шише чыгаруучу ишкананын аймагында өрт чыгып, жети киши жабыркаган. Анын экөө Кыргызстандын жарандары экенин Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.
Өрт 5-март күнү кечки саат 18:15те башталган. Учурда 28 жаштагы жигит Гороховец шаарынын ооруканасына, ал эми 33 жаштагы жигит «Приволжск медициналык изилдөө университетине» жеткирилген. Дарыгерлер жабыркагандардын абалы оор экенин айтып жатышат.
Мурдараак ТАСС маалымат агенттиги жабыркаган жети кишинин баары кыргызстандыктар болгонун жазып чыккан.
Бул маселе кыргыз элчилигинин көзөмөлүнө алынган. (LzT/KR)