КТРКнын жаңы жетекчиси болуп Жайнак Үсөн уулу тандалып алынды. Жаңы жетекчи КТРКнын Байкоочу кеңешинин 15 мүчөсүнүн 13 добушун алып тандалды.
КТРКнын башкы директору 19-мартта ишине киришет. Бул тууралуу Байкоочу кеңештин жетекчиси Жыпар Жекшеев айтты. Анткени КТРКнын учурдагы директору Илим Карыпбековдун мөөнөтү 19-мартта аяктайт. Ага чейин Карыпбеков жаңы шайланган жетекчиге документтерди өткөрүп берет.
1-мартта телеканалдын директорлугуна талапкер болгон 17 кишинин ичинен сегизи: Ибраим Нуракун уулу, Мирлан Самыйкожо, Замирбек Казакпай уулу, Галина Байтерекова, Жайнак Үсөн уулу, Болотбек Тиллебаев, Адил Турдукулов жана Сураган Босумбаев финалдык баскычка өткөн.
28-февралда учурдагы директор Илим Карыпбеков кайра шайлануу боюнча өз арызын кайтарып алган.
Бүгүн, 6-мартта сегиз талапкердин дагы бирөө, акын Мирлан Самыйкожо өзү арыз жазып, талапкерлигин алып салгандыгы белгилүү болгон.
КТРКнын башкы директору Байкоочу кеңеш тарабынан төрт жылдык мөөнөткө шайланат. (BTo/KR)