Ооганстандын чыгышындагы Желалабад шаарындагы курулуш компаниясында жанкечтинин кош жардыруусунан кеминде 16 кишинин өмүрү кыйылганын өлкө бийлиги билдирди.
Нангархар провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Аттаулла Хогианинын айтканына караганда, үч согушкер Желалабад шаарынын аэропортуна чукул жердеги курулуш компаниясын курчоого алган.
Жанкечтинин жардыруусунан кийин коопсуздук күчтөрү менен согушкерлер атыша баштаган. Губернатордун басма сөз кызматы билдиргендей, кеминде 16 киши мүрт кетип, 10 адам жарадар болду. Алардын көбү жеке курулуш компаниясынын кызматкерлери болчу.
Хогиани үч согушкер жок кылынганын жана кырдаал көзөмөлдө экенин кошумчалады.
Азырынча кол салууну эч ким өз мойнуна ала элек. Нангархар провинциясында «Талибан» кыймылынын жана «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун жоочулары активдүү экени белгилүү.