Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:35

Момбеков: УКМКга мен тууралуу Жогорку соттун төрайымы арызданган (видео)


Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) чакырылганы тууралуу «Азаттыкка» комментарий берди. Анын айтымында, ТЭЦ-2 конушунун тургундары менен жолугушууда сүйлөгөн сөзүнө байланыштуу алгач тергөөчү чакырган. Ага барбай койгон соң УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов чакырганын билдирди. Анда Жогорку соттун төрайымынан кат келгенин айтышып, бирок көрсөтүшкөн эмес. Эл өкүлү муну саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырып, кийинки убакта парламентте сүйлөгөн сөздөрү кимдир-бирөөгө жакпай калышы ыктымал деп боолголоп жатат.

Буга чейин айрым маалымат булактары депутат УКМКга суракка чакырылганын жазып чыгышкан. УКМКнын басма сөз өкүлү мындай маалыматты төгүндөп, Момбеков мекеменин төрагасы Идрис Кадыркулов менен кызматтык жолугушууга келгенин билдирген.

«Азаттык» бул боюнча Жогорку сотко кайрылды, азырынча жооп боло элек.

Рыскелди Момбеков ТЭЦ-2 жаңы конушунун тургундары менен жолукканда соттордун ишин кескин сынга алып, «алар элге карата адилетсиз чечим кабыл алып жатат» деп билдирген. (КЕ/ЕВМ)

XS
SM
MD
LG