Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Турдукулов: Байкоочу кеңеш тапшырманы аткарды


Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

Коомдук телерадио корпорациясынын Байкоочу кеңеши жаңы жетекчини шайлоодо кимдир бирөөнүн тапшырмасын аткарды. Бул тууралуу пикирин “Азаттыкка” КТРКны башкарууга талапкер болгон Адил Турдукулов билдирди.

- Шайлоо процедурасы өзү туура эмес жазылган. Ал жерде Коомдук кеңештин ондон ашык мүчөсү добуш берген талапкер гана КТРКнын башкы директору болот деп жазылып турат. Бул жерде Коомдук кеңеш менен иш жүргүзмөйүнчө мындай санга жетүү кыйын болмок. Ошондуктан кандайдыр бир тапшырманы аткарганы көрүнүп калды. Бул жерде көп деле шайлоо болгон жок.

КТРКнын жаңы жетекчиси болуп Жайнак Үсөн уулу тандалып алынды. Анын талапкерлигин Байкоочу кеңештин 15 мүчөсүнүн 13ү колдоду. КТРКнын башкы директору 19-мартта ишине киришет.

Үсөн Жайнак уулунан сырткары Коомдук каналды башкарууга Ибраим Нуракун уулу, Замирбек Казакпай уулу, Галина Байтерекова, Болотбек Тиллебаев, Адил Турдукулов жана Сураган Босумбаев талапкер болушкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG