«Nissan» жана «Renault» автоконцерндеринин мурдагы башчысы Карлос Гон үч жарым айдай Жапонияда камакта отурду.
Шейшембинин кечинде Токио сотунун чечими менен 64 жаштагы топ-менежер бир миллиард иен (7,9 миллион евро) күрөө төлөп, үй камагына чыгарылды. Ошондой эле анын үйүнө такай көзөмөл жүргүзгөн камера коюлат.
Карлос Гон былтыр 19-ноябрда камакка алынган. 10-декабрда ага «2010-2015-жылдары тапкан кирешесин азайтып көрсөткөн» жана «Nissan компаниясынын эсебинен байыган» деген айып коюлган.
Январда жапон прокуратурасы Гонго ага «берилген ишенимди кыянат пайдаланып, 2015-2018-жылдары тапкан кирешесин азайтып көрсөткөн» деген кошумча айып койгон. Гон бардык айыптарды четке кагып, ага каршы «кутум уюштурулганын» айтып келет.
«Кирешени азайткан» деген айып «Nissan» концернине жана анын мурдагы директору Грэг Келлиге да коюлду.
Гон камалгандан кийин концерн аны жогорку жетекчиликтен кетирген. Январдын аягында Францияын финансы министри Боюно Лэ Мэр «Renault» компаниясынын топ-менежери кызматтан кетүүгө арыз жазганын билдирген.
Карлос Гон «Nissan» компаниясын банкрот болуудан сактап калып, француз-жапон автомобил чыгаруучу «Renault-Nissan-Mitsubishi» альянсын түзгөн.
2017-жылдын жыйынтыгында бул альянс жеңил автоунааларды сатуу жагынан дүйнөдө эң алдыңкы орунга чыккан.