Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

«Аялдардын тилектештик шаарчасы» маршын өткөрүүгө тыюу салынды


Бишкектеги жүрүш. 8-март, 2018-жыл.
Бишкектеги жүрүш. 8-март, 2018-жыл.

Бишкек шаарынын бийлиги жыл сайын 8-март майрамына карата өтүүчү «Аялдардын тилектештик шаарчасы» аттуу тынчтык маршын өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта акциянын уюштуруучулары, «Бишкек феминисттик демилгелери» бирикмеси «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Маалыматка караганда, Бишкек мэриясы аларга «ар кандай митингдерди жана тынчтык акцияларын өткөрүү жайларын чектөө» тууралуу кат жөнөткөн. Тыюу салууга шаардын борбордук бөлүгүндө «Эл аралык аялдар күнүнүн урматына иш-чаралар» пландалганы себеп болгону көрсөтүлгөн.

Мындан сырткары Бишкек милициясынын өкүлдөрү марш өтчү маршрутту өзгөртүп, Кыргызстандагы трансгендер коомунун башын бириктирип жүргөн «Лабрис» уюмун маршка катышчулардын тизмесинен чыгарууга үндөгөнү да айтылат.

- Алгач «маршрутту өзгөрткүлө» деп чалган, андан кийин "«Лабрис» уюмун кошпосоңор жакшы болот эле" деп да айтышты. Биз ага макул болгон жокпуз. Биз өз укуктарыбызды, жыл ичинде чогулган көйгөйлөрдү, эркиндигибизди айтыш үчүн чыгып жатабыз. Бул жылына бир жолу айтып чага турган тынчтык маршы, - деп билдирди активисттердин бири.

Марш өткөрүү боюнча маселени эртең, 7-мартта Биринчи май райондук соту карайт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG