Бишкекте 11-марттан 16сына чейин Франкофония жумалыгы өтөт. Бул жылы жумалык «Жакшы калгыла, өйдө жактагылар» аттуу француз фильмин «Ала-Тоо» кинотеатрында көрсөтүү менен башталат. Ал эми «Соңку жаңы осуят» аттуу Белгия фильми 13-мартта саат 18:00дө «Россия» кинотеатрында көрсөтүлөт.
«Тимбукту» же экинчи аталышы «Куштар кайгысы» аттуу франко-мавританиялык фильм Бишкектеги «Француз альянсында» бейшембиде күнү 18:30да тартууланат. Жумалык Швецариянын «МОКА / Сүт менен кофе түсү» аттуу фильми менен 16-мартта «Россия» кинотеатрында жыйынтыкталат. Франкофония жумалыгынын алкагында маданий, көркөм, гастрономиялык жана спорттук иш-чаралар өтөт. Бардык иш-чараларга кирүү акысыз.
Франция менен Белгиянын элчиликтери иш-чараны Бишкектеги «Француз альянсы» менен бирге уюштурууда.
Франкофония - француз тилдүү өлкөлөрдүн маданиятына арналган фестиваль. Франкофония жыл сайын март айынын ортосунда дүйнө жүзүндө өткөрүлөт. (КЕ)