Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:03

Уланбек Эгизбаевге Роза Даудова атындагы сыйлык берилди

Уланбек Эгизбаев.
Уланбек Эгизбаев.

Жаш журналисттердин социалдык маанилүү маселелерди чагылдырган публицисттик эмгектеринин Роза Даудова атындагы улуттук сынагы жыйынтыкталды. Сынактын жеңүүчүлөрүнүн бири «Азаттыктын» кабарчысы, маркум Уланбек Эгизбаев болду. 6-март күнү жеңүүчүнүн диплому Уланбектин кесиптештерине тапшырылды.

Жаш журналисттердин социалдык маанилүү маселелерди чагылдырган публицисттик эмгектеринин Роза Даудова атындагы улуттук сынагын кыргыз өкмөтү уюштурган.

Роза Даудова көп жылдар бою маалымат жана журналистика тармагында иштеп келген. Ал өкмөттүн, президенттин басма сөз кызматтарын жетектеген. Президентке караштуу Башкаруу академиясынын Муниципалдык кызматкерлер жана кошумча билим берүү институтунун директору болуп иштеп жүргөн учурунда, 2017-жылдын башында, 64 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

«Азаттыктын» иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаев былтыр 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG