Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:40

АКШ элчиси Киевди коррупция боюнча прокурорду иштен алууга чакырды


Украинанын башкы прокурорунун коррупция боюнча орун басары Назар Холодницкий, 3-апрель, 2018-жыл.
Украинанын башкы прокурорунун коррупция боюнча орун басары Назар Холодницкий, 3-апрель, 2018-жыл.

АКШнын Украинадагы элчиси Мари Йованович Киевди башкы прокурордун коррупция боюнча орун басары Назар Холодницкийди кызматтан алууга чакырды.

Дипломаттын сөзүнө караганда, "кылмышка шектүүлөргө жоопкерчиликтен кантип кутулуп кетүүнүн жолун үйрөткөн адамга мындай маанилүү иштерди тапшырууга болбойт".

Холодницкий атайын коррупциялык иштерди кароого түзүлгөн прокуратураны 2015-жылдан бери жетектейт. Былтыр мартта “Украин правдасы” гезити өз булактарына таянып, Коррупцияга каршы улуттук бюро Холодницкийдин иш бөлмөсүн бир нече апта бою тыңшаганын жазып чыккан. Мекеме жашыруун тыңшоодо Холодницкий кимге каршы иш козголорун айтып, жооптуу кызматкерлерге басым көрсөтүп жатканын аныктаган.

Мындан кийин Украинанын баш прокурору Юрий Луценко Холодницкийди кызматтан алууну талап кылган. Бирок прокуратура кызматкерлеринин тартип комиссиясы аны кызматтан албай, сөгүш берүү менен чектелген.

Былтыр декабрда Украинанын Коопсуздук комитети Холодницкийге каршы ачылган ишти жаап салган.

XS
SM
MD
LG