11 жаштагы окуучуну Новопавловкадагы мектептин жанынан өлтүрө сүзгөн айдоочу баланын ата-энеси менен өз ара ымалага келишип алды. Бул маалыматты "Азаттыкка" Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз өкүлү ырастады.
Сокулук районунун Новопавловка айылында 29-январь күнү таңкы саат жети чамасында 11 жаштагы баланы Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкери сүзүп кеткен.
Окуучу кырсык болгон жерден мүрт кеткен. Эгиздин түгөйү 11 жаштагы бала Чыңгыз Айтматов атындагы №1 орто мектептин окуучусу болгон.
Каза болгон баланын атасы да милиция кызматкери экени айтылган.
Буга чейин айрым депутаттар киши өмүрүн алган кандуу окуяларда тараптардын өз ара элдешип алып, жазаланбай калган учурларды жоюу максатында мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап келишкен.
Кыргызстан жол кырсыктары көп болгон мамлекеттердин бири. Расмий маалыматка караганда, 2017-жылы өлкөдө 6 миң 346 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 478ге көп. (KR)