Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Сот аткаруучу пара менен кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусундагы Москва районунун сот аткаруучулары 50 миң сом пара алып жаткан учурда колго түштү. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) билдирди.

Маалыматка караганда, Финансы полициясына Н.И. аттуу адам райондун сот аткаруучулар кызматында иштегендерге карата чара көрүүнү өтүнүп кайрылган. Ал сот аткаруучулар сүйлөшүп алып, кыймылсыз мүлктү камактан чыгаруу үчүн 50 миң сом өлчөмүндө пара талап кылышкан.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгүнө ("Пара талап кылуу") ылайык Кылмыштар жана жоруктар реестрине катталды. Тергөө иштери жүрүп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG