Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Аскар Акаев: Кыргызстанга келүүгө формалдуу тоскоолдуктар жок

Аскар Акаев
Аскар Акаев

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев орусиялык "Московский комсомолец" басылмасына интервью берип, президент Сооронбай Жээнбековдун ишин мактады.

- Менимче Жээнбеков президенттикке эң татыктуу талапкер болгон жана ал аны өзүнүн даанышмандык башкаруусу менен далилдеп жатат. Ал коңшу өлкөлөр менен мамилени оңдоп, Атамбаев мураска калтырып кеткен ыңгайсыз кырдаалды жоё алды. Жээнбеков коррупция менен күрөштү системалуу түрдө баштады. Мен башында мындай аракетти өзүнүн жеке бийлигин күчтөнтүү үчүн жасап жатат деп ойлогом, бирок азыр ал коррупция менен күрөштү мамлекет үчүн жасап жатканынан шегим жок.

Акаев магеинде Алмазбек Атамбаев да ЖЭБдеги чыр боюнча соттоло турганын божомолдоп, аны кескин сынга алган.

Акаев Атамбаевдин учурунда Кыргызстанга келип, эки бир тууганын акыркы сапарга узата албай калганын эскерип, аны өлкөгө келтирбөөгө аракеттер жүргөнүн айтты. Жээнбековдун учурунда мындай аракеттер болбогонун айтып, жаңы команданын ага карата мамилеси жылуу экенин кошумчалады. (KR)

XS
SM
MD
LG