Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:42

Милиция дааратканада жаткан балдар тууралуу маалымат берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Студенттик дааратканада эс-учун билбей полдо жаткан балдардын окуясы Кыргыз улуттук университетинин Юридика факультетинде февраль айынын башында болгон.

Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта “Азаттык” радиосуна Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматынын өкүлү Нурлан Кайназаров билдирди. Анын айтымында, ошол учурда төрт бала милициянын жана догдурлардын текшерүүсүнөн өткөрүлгөн. Анализдеринен алкоголь жана маңзат табылган эмес. Бирок сурак учурунда алар аң-сезимди магдыратуучу таблетка ичкенин айтып беришкен.

Учурда бул окуянын видеосу Интернетте тарап жатат. Айрым колдонуучулар "спайс" деген таблетканы ичкенде ушундай болорун жазууда.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги өспүрүмдөр арасындагы токсикомания барган сайын өрчүп, аларды дарылаган, реабилитациялаган атайын стационардык бөлүм жок экенин билдирген.

Кыргызстандын парламенти 2015-жылы түрдүү заттардын аралашмасы кошулган спайсты коркунучтуу баңгизаттардын тизмесине кошуп, ага тыюу салган мыйзам кабыл алган. (КЕ/RK)

XS
SM
MD
LG