Улуттук университет студенттик дааратканада эс-учун билбей жерде жаткан балдардын бул окуу жайга тиешеси жок экенин билдирди. Ал балдар университеттин студенттери эмес экенин 7-мартта “Азаттык” радиосуна мекеменин Коомчулук менен байланыш жана жаштар иштери боюнча департаменттин директору Ардак Каныбек уулу маалымдады:
- Ооба, биз 100% кепилдик менен айта алабыз, булар биздин студенттер эмес. Себеби ошол замат мугалимдер чакырылган, аны видеодон да байкасаңар болот, алар “Кимдин студенти?” десе “Жок, бул биздин балдар эмес” деп жооп берип жатышат.
Студенттик дааратканада полдо жаткан балдардын окуясы Кыргыз улуттук университетинин Юридика факультетинде февраль айынын башында болгонун Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматынын өкүлү Нурлан Кайназаров билдирген. Анын айтымында, ошол учурда төрт бала милициянын жана догдурлардын текшерүүсүнөн өткөрүлгөн. Анализдеринен алкоголь жана маңзат табылган эмес. Бирок сурак учурунда алар аң-сезимди магдыратуучу таблетка ичкенин айтып беришкен.
Учурда бул окуянын видеосу Интернетте тарап жатат. Айрым колдонуучулар "спайс" деген таблетканы ичкенде ушундай болорун жазууда.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги өспүрүмдөр арасындагы токсикомания барган сайын өрчүп, аларды дарылаган, реабилитациялаган атайын стационардык бөлүм жок экенин билдирген.
Кыргызстандын парламенти 2015-жылы түрдүү заттардын аралашмасы кошулган "спайсты" коркунучтуу баңгизаттардын тизмесине кошуп, ага тыюу салган мыйзам кабыл алган. (КЕ/RK)