Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:34

Кыргыз түрмөлөрүндө 584 аял кармалууда


Абактагы аялдар
Абактагы аялдар

Кыргызстандын убактылуу кармоочу абактарында жана түрмөлөрүндө 584 аял бар (2019-жылдын 10-январына карата маалыматка ылайык). Бул маалыматты "Эл аралык түрмө реформасы" уюму (PRI) Кыргызстандын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматына таянып жарыялады. Бул маалыматты ЖАМКнын басма сөз өкүлү да "Азаттыкка" ырастады.

Ал эми пробация кызматындагы беш миңден ашуун кишинин ичинен 681и аялдар. Дагы беш бала эркинен ажыраган энелери менен чогуу кармалууда. Курагы 18 жашка чейинки эки кыз жана жашы 60тан ашкан 17 аял түрмөдө жатат.

Соңку жылдары аялдар аралашкан оор кылмыштардын саны көбөйгөнү айтылып келет. 2010-жылы кылмыш кылган кыз-келиндердин саны 1,5 миңдин айланасында болсо, 2017-жылы 3 миңге чамалап барган. Жалпысынан кылмыш кылган аялдардын 15 пайызы соттолсо, анын беш пайызына мунапыс берилет. (KR)

XS
SM
MD
LG