Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:27

Шайлоодо партиядан сырткары талапкерди да тандоо сунушталууда


Шайлоо бекети
Шайлоо бекети

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо партиядан сырткары тизмеде болгон талапкерге да добуш берүү сунушталууда. Буга байланыштуу “Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзам долбоордун авторлорунун бири Исхак Масалиев билдирди.

- Бул процедура техника боюнча бир аз убакытты талап кылат, бирок жаран кайсы бир партияны тандап, анын ичиндеги жеке инсанга добуш берсе ошондо реалдуу түрдө партиялык тизмеде башаламан болбойт. Ким канча добуш алганы жыйынтыгында билинет. Саясатчы болом деген адам Кыргызстанга таанымал адам болушу керек. Өзүнүн айыл өкмөтүнө барбай, райондордун баарын кыдырат.

Масалиевдин айтымында, бул багытта бир катар эл аралык уюмдар жардам берүүгө даяр. Мыйзам долбоору келерки аптада коомдун талкуусуна коюлат.

Мындан сырткары Улукбек Ормонов, Мирлан Бакиров, Бакыт Төрөбаев баш болгон бир катар депутаттар партиялык тизме менен шайлоо, анын ичинде аймактык өкүлдөрдү киргизүүгө багытталган мыйзам долбоорун коомдук талкууга коюшту. Ормонов "Азаттык" менен маегинде парламентте алты партия отурган менен кээ бир райондордон бир дагы депутат жок экенин белгиледи.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2020-жылы өтөт. Буга чейинки шайлоолордо тизмеге байланыштуу талаш чыккан учурлар кездешкен. (КЕ/KJ)

XS
SM
MD
LG