Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Түркияда кыргызстандык маңзат сатууга шектелип кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркияда кыргызстандык “Баңгизат сатуу” беренеси менен камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты 7-мартта Анталия шаардык полиция кызматы өз сайтына жарыялады. Манавгат аймагында О.С. аттуу кыргызстандык жашаган үйдөн 1.6 грамм маңзат табылган. Кыргызстандык менен кошо дагы беш түрк жараны кармалып, аларга "Баңгизат сатуу жана колдонуу" беренеси боюнча айып коюлду. Түркиянын Жаза кодекси боюнча "Маңзат сатуу жана колдонуу" беренеси менен соттолгондор 20 жылдан 30 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Кыргызстандын Анкарадагы элчилигинин маалыматы боюнча учурда Түркиянын абактарында 12 кыргызстандык отурат. Алардын жарымы кыз-келиндер. Кыргызстандыктар "Киши өлтүрүү", "Баңгизат сатуу" жана "Алдамчылык" беренелери менен соттолгон. (ElB)

XS
SM
MD
LG