Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:22

Милиция 8-марттагы маршта коопсуздукту камсыз кылат


Бишкектеги жүрүш. 8-март, 2018-жыл.
Бишкектеги жүрүш. 8-март, 2018-жыл.

Бишкек милициясы 8-март күнү өтө турган «Аялдардын тилектештик» маршында коомдук коопсуздукту камсыз кылат.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Нурлан Кайназаров билдирди.

Мунун алдында Аялдардын эл аралык майрамына карата уюштурулган маршты өткөрүүгө жолтоо боло турганын “Кыргыз чоролору” уюмунун өкүлдөрү Замир Көчөрбаев “Фейсбуктагы” баракчасына жазып чыккан.

Ага чейин “Бишкек феминисттик демилгелери” бирикмеси борбор калаанын бийлиги марш өткөрүүгө тыюу салып, кайра уруксат бергенин кабарлаган.

Ал эми мэриянын өкүлү аялдардын маршына тыюу салынбаганын "Азаттык" радиосуна билдирди. (КЕ/TSh)

XS
SM
MD
LG