Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:36

Бүгүн Бишкекте «Аялдардын тилектештик шаарчасы» маршы болот


Аял укуктары үчүн жүрүш. Бишкек, 8-март, 2018-жыл.
Аял укуктары үчүн жүрүш. Бишкек, 8-март, 2018-жыл.

8-март аялдардын күнүнө карата боло турган иш-чараны «Бишкек феминисттик демилгелери» бирикмеси уюштурууда. Акциянын катышуучулары Чүй проспектисиндеги "Россия" кинотеатрынын жанына чогулушат. Андан кийин Ала-Тоо аянты аркылуу Уркуя Салиеванын эстелигине чейин жөө жүрүшкө чыгышары кабарланган.

Бишкек мэриясы алгач маршка уруксат берген эмес. Мэрия муну жүрүштүн маршрутундагы жерлерде 8-Март майрамына арналган иш-чаралар өтөт деп негиздеген. Бирок көп өтпөй шаар жетекчилиги акцияны өткөрүүгө уруксат бергени кабарланган.

Феминисттик идеяларды карманган ондогон адамдар өткөн жылы 8-мартта да жөө жүрүшкө чыгышкан. Анда аялдарга карата зомбулукту жоюу, кыз-келиндерге карата кодулоону токтотуу жана алардын укуктарын коргоо тууралуу чакырыктар айтылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG