АКШ президенти Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафорт салык жашырып, банктык мыйзам бузууларга барганы үчүн айыпталып, 7-март күнү үч жыл 11 айга эркинен ажыратылды. Прокуратура аны бул кылмышы үчүн 19-24 жылга эркинен ажыратууну суранган. Бирок Виржиния штатынын соту Ти Эллис бул мөөнөт "ашыкча" экенин билдирди. Бул Манафорт айыпталып жаткан иштин бирөөсү гана.
АКШда атайын прокурор Роберт Мюллер дээрик эки жылдан бери президент Трамптын 2016-жылкы шайлоо учурундагы штабынын Демократиялык партиянын талапкери Хиллари Клинтонду утуш үчүн Орусия менен байланыштары болгон-болбогонун иликтөөдө.
Трамп өзүнүн шайлоо штабы менен Москванын ортосунда эч кандай келишүү болбогонун билдирип жүрөт.
Москва да Кремль АКШдагы шайлоого кийлигишкен деген дооматтарды четке кагып келет.
Убагында Украинада, Филиппинде жана Африканын бир катар өлкөлөрүндө иштеген политтехнолог Пол Манафорт АКШда шайлоо өнөктүгү жүрүп жатканда Дональд Трамптын штабына кошулуп, ошол жылдын июнь айында штабды жетектеп калган. Бирок Украинанын Аймактар партиясы ага 12,7 миллион доллар төлөгөнү жана ал салыктан качканы тууралуу кабарлар ачыкка чыккандан кийин штаб башчылыгынан кеткен.
Манафорт өзү бардык айыптарды четке кагып, эч кандай күнөөсү жок экенин айткан.
Буга чейин "Проект" басылмасы Манафорт 2005-жылдан соң Бишкекке келип, мурдагы президент Курманбек Бакиевге АКШнын авиабазасын чыгаруу боюнча кеңеш бергенин жазып чыккан.