Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:45

"Газпромнефть Азия" ишканасына күйүүчү майды арзандатууга эки күн мөөнөт берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Монополияга каршы күрөшүү кызматы кабарлады. Анда айтылгандай, Кыргызстанда күйүүчү май рыногунда негизги орунду ээлеген "Газпромнефть Азия" компаниясы күйүүчү майдын баасын 9-мартка чейин төмөндөтүүгө тийиш.

Монополияга каршы күрөшүү кызматы 9-февралда Кыргызстандагы бардык нефтетрейдерлерден бааны арзандатууну талап кылган. Буга өткөн жылдын декабрынан бери Орусияда күйүүчү майдын дүң баасы арзандап жатканын жүйө келтирген.

Жыл башынан бери Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 1,5-2 сомго арзандады.

Ушул тапта Бишкекте Аи-95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 42 сомдун, ал эми Аи-92 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын баасы 39 сомдун айланасында сатылууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG