Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Францияда жетекчилик кызматтарда аялдардын аз болгону үчүн айыппул төлөнөт


Жан-Ив Ле Дриан, Франциянын тышкы иштер министри.
Жан-Ив Ле Дриан, Франциянын тышкы иштер министри.

Франциянын Тышкы иштер министрлиги жетекчилик кызматтарда аялдардын аз болгону үчүн 450 миң евро айыппул төлөйт. Бул тууралуу Le Monde гезити жазды.

Француз мыйзамдарындагы эреже боюнча аялдар дипломаттардын 40% түзүүгө тийиш. Маалыматка караганда 2017-жылы теңчилик болушу үчүн беш аял жетишсиз болгон. Алардын ар бир орду 90 миң евродон саналган.

Аты аталбаган аткаминер Le Monde гезитине 2018-жылы Франциянын Тышкы иштер министрлигиндеги аялдардын орду талап кылынган чекке жеткен. Бирок элчилердин ичинен аялдардын саны дагы деле аздык кылат, учурда аял элчилер жалпы дипломаттардын 26% гана түзөт.

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, Франция гендерлик теңчиликке жетишкен алты өлкөнүн бири. Андан тышкары Дания, Латвия, Бельгия, Швеция жана Люксембург гендерлик теңчиликке жеткен мамлекеттер деп саналат.

Дүйнөлүк банктын иликтөөлөрүнө ылайык, Франция бул багытта акыркы он жылда эң ири кадам таштаган.

XS
SM
MD
LG