Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:32

Садыр Жапаровго энесине топурак салууга уруксат берилгени айтылууда


Садыр Жапаров маркум атасы жана апасы менен
Садыр Жапаров маркум атасы жана апасы менен

Абакта отурган экс-депутат Садыр Жапаровго кайтыш болгон энесине топурак салууга уруксат берилгени айтылууда. Бул тууралуу бир катар мамлекеттик кызматкерлер өздөрүнүн "Фейсбуктагы" баракчаларына жазып чыкты.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз өкүлү Элеонора Сабатарова бул маалыматты азырынча расмий ырастай элек, бирок анын айтымында, айрым учурда мындай практикага мыйзам жол берет.

- Мындай мүмкүнчүлүк каралган. Ал өлкөнүн шартына, бара турган кишинин кылык-жоругуна жараша болот. Буга уруксатты президент бербейт. Аны киши кармалып турган мекеменин жетекчиси берет.

Буга чейин Садыр Жапаровго атасынын жаназасына катышууга уруксат берилген эмес. Анын атасы Нуркожо Жапаров 2017-жылдын 20-сентябрында 84 жашында дүйнөдөн кайткан. (KR)

XS
SM
MD
LG