Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:49

Назарбаев: "Айка" тасмасындагы көрүнүш Казакстанга тиешелүү эмес


"Айка" фильминен көрүнүш.
"Айка" фильминен көрүнүш.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев кечээ, 7-мартта аялдарды 8-март эл аралык аялдардын күнү менен куттуктап жатып, "Айка" тасмасы тууралуу үн катты.

Ал Орусиядагы кыргыз мигрантынын көйгөйүн чагылдырган "Айка" тасмасындагы башкы каарманды ойногон Самал Еслямованы мактады.

- Самал Еслямова тасмада Казакстанды абдан жакшы үгүттөптүр. Эң негизгиси ал чет өлкөдөгү эмигранттардын абалын көрсөткөн. Мен дайым айтып келем, Кудайга шүгүр, эгемендүү 27 жылдын ичинде казакстандыктар эч бир өлкөдө жалданып иштеген эмес, - деди Нурсултан Назарбаев.

Айрым бейрасмий маалымат булактарга ишенсек, 1990-жылдан ушул убакка чейин Казакстандан тышка чыгып кеткендердин саны дээрлик 4 миллионго (3 882 782) чамалайт. (KR)

XS
SM
MD
LG