"Кыргыз чоролору" деп аталган коомдук уюм тилектештик маршына чыккан айрым айымдарга гүл тартуулады. Видеону Айжан Чыныбаева аттуу ишкер өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына жарыялады.
Аянтка бүгүн аталган уюмдун жетекчиси Замирбек Көчөрбаев баштаган алты өкүл келген. Алардын бири Чыныбаеванын суроосуна жооп берип жатып, аялдардын укугун коргогонго даяр экенин айтып, жада калса өзүнүн телефонунун номерин камерага айтып берди.
Буга чейин "Кыргыз чоролорунун" башчысы Замирбек Көчөрбаев "Клоопко" берген маегинде анын уюму 8-мартка мерчемделген аялдардын тилектештик маршына каршы экенин айткан. Бул уюм "маршка тыюу" салууну өтүнүп мамлекеттик органдарга кайрылган. (BK/KR)