Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:27

АКШ Гүлнара Каримованы пара алган деп айыптады  


Гүлнара Каримова.

АКШ бийлиги биринчи өзбек президенти, маркум Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримова менен орусиялык "МТС" телекоммуникация компаниясынын Өзбекстандагы өкүлчүлүгүнүн мурдагы жетекчиси Бекзод Ахмедовго "865 миллион доллар пара алган жана анын изин жашырган" деген айып такты. Бул тууралуу Нью-Йорктун прокуратурасы билдирди.

Прокуратуранын маалыматына караганда, 2000-жылдарда Ахметов Өзбекстандын рыногуна чыгууну каалаган байланыш компаниялардан пара талап кылган. Гүлнара Каримова алар менен келишим түзүү үчүн өзүнүн абалынан пайдаланган.

АКШнын Юстиция министрлиги жана Баалуу кагаздар комиссиясы Өзбекстандын телекоммуникация базарындагы коррупцияны иликтеп жатат. Анда орусиялык "МТС", швециялык "Telia Company AB" ( мурдагы "TelisSonera") жана Орусиядагы "Вымпелком" ишканасынын акцияларына ээлик кылган "Veon" компаниясынын бул ишке байланышы иликтенүүдө. Аталган компаниялардын акциялары АКШнын фондулук биржаларында сатылган.

7-мартта "МТС" АКШ менен келишим түзүп, Өзбекстанда иштөө үчүн пара берүү фактысы боюнча Вашингтонго 850 миллион доллар айып пул төлөй турган болгон.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG