Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:37

Гадоев: Шайлоодо президенттин уулун колдойсуң деп мажбурлашты


Шарофиддин Гадоев. Амстердам. 7-март, 2019-жыл.
Шарофиддин Гадоев. Амстердам. 7-март, 2019-жыл.

Оппозициялык активист Шарофиддин Гадоев 2020-жылга белгиленген шайлоодо тажик президенти Эмомали Рахмондун уулун колдойсуң деген басым-кысым болгонун жарыялады.

Бул тууралуу Гадоев 7-мартта Нидерланддын борбору Амстердамда өткөн басма сөз жыйында билдирди. Активист Дүйшөмбүдө Тажикстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы ага "Группа 24" оппозициялык уюмунун өлкөгө кайтып келген ондон ашык мүчөсүнөн турган топту башкарууну, Рустам Эмомалини колдоону сунуштаган.

15-февралда Европада бозгунда жүргөн Гадоев Дүйшөмбүдө күтүүсүз пайда болуп, коомчулукта таңдануу жараткан. Тажик бийлиги ал «өз эрки менен кайтып келгенин» билдирген.

Тажик оппозиционери 2-мартта Дүйшөмбүдөн Франкфурт шаарынын аэропортуна учуп келгенин «Фейсбук» аркылуу өзү жарыялады.

Расмий Дүйшөмбү бозгунда жүрүп, кайдан-жайдан пайда болгон оппозиционер кайра мекенинен кантип чыгып кеткени тууралуу эч кандай маалымат бере элек.

Гадоев 5-мартта интернетте видео кайрылуу жарыялап, Орусияга баргандан кийин өзүн тажик күч кызматкерлери уурдап кеткенин айткан. Москванын «Домодедово» аэропортунда жана учактын ичинде сабалганын, Тажикстанда кыйноого алынганын кошумчалаган.

Оппозицонер Амстердамдагы маалымат жыйында «Азаттыктын» журналисттеринин суроолоруна жооп берип жатып, мекенине «өз эрким менен кайтып келдим» деген билдирүүнү тажик бийлигинин кысымы алдында айтууга мажбур болгонун белгиледи.

Анын маалыматына караганда, өзүнүн уурдалышына жана күч менен Дүйшөмбүгө экстрадицияланышына байланыштуу Нидарландда кылмыш иши козголду. Активист Москвада аны уурдоону уюштурганы үчүн орус бийлигин сотко берүүгө камынып жатканын маалымдады.

Ал Тажикстандан 2012-жылы чыгып кетип, акыркы жылдарда Нидерландда башпаанек алып жашап жүргөн. Тажикстанда кийинки президенттик шайлоо 2020-жылы күзүндө өтүшү керек.

Өлкөнүн мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, бул шайлоого президент Эмомали Рахмон да, анын уулу Рустам Рахмон да катыша алат.

XS
SM
MD
LG