Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Сеул америкалык аскерлерге сарпталган чыгымды көбөйтүүгө макул болду


АКШнын Түштүк Кореядагы ракетадан коргонуу системасы.
АКШнын Түштүк Кореядагы ракетадан коргонуу системасы.

Түштүк Корея өзүнүн аймагындагы америкалык аскерлерди камсыздоого кетирген каражатын көбөйтүүгө көндү.

8-мартта кол коюлган келишимге ылайык, Сеул бул үчүн жылына 890 миллион доллар төлөйт.

Тараптар бул келишимге марттан берки он ирет жолугушуу жана АКШ президенти Дональд Трамптын төлөмдү көтөрүү тууралуу бир нече жолку талабынан кийин жетишти.

Түштүк Кореяда 28 миңден ашуун америкалык аскер бар. Алар коңшу Түндүк Кореянын опуза-коркунучуна каршы таяныч катары эсептелет.

2018-жылга чейин Пхеньян ядролук куралдарын үзгүлтүксүз сынап келди. Акыркы сүйлөшүүдө АКШ менен келишимге жетише албагандан кийин Түндүк Корея курал сынап, ракета учурган жайын калыбына келтире баштаганы кабарланды. Ал жайлар өткөн жылкы биринчи сүйлөшүүдөн соң бузула баштаганы айтылган болчу.

XS
SM
MD
LG