Абактан чыккан саясатчы Бекболот Талгарбеков Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевди сотко берет. Бул тууралуу ал "Азаттыкка" берген интервьюсунда билдирди.
- Атамбаев ошол учурда да, жакында да айтты, булар ФСБнын генералдарын колдонуп, төңкөрүш жасаган жатат деп. Бул карандай калп. Бул боюнча мен далилдеп берсин деп сөзсүз сотко кайрылам. Бул өзүнүн оюнан чыгарылган нерсе, - деди Талгарбеков.
Талгарбеков алар генералдар менен Кыргызстандагы 2010-жылкы июнь коогалаңын изилдөө максатында гана кызматташууга барганын айтты. Ал Орусиядагы айрым отставкадагы генералдар менен эми деле кызматташуусун улантарын билдирди.
2017-жылдын 2-августунда Бишкектин Биринчи май райондук соту "Элдик парламент" оппозициялык кыймылынын мүчөлөрү Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаевди "Улуттук, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутуу" беренесине ылайык 14 жылга соттогон.
Быйыл 8-февралда Жогорку сот Талгарбековдун жаза мөөнөтүн тогуз жылга кыскартып, беш жыл жазасын өтөөгө чечим чыгарган. (KR)