Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:55

Алжир: оппозиция президенттик шайлоону жылдырууну талап кылды


Алжирдеги акция. 5-март, 2019-жыл.
Алжирдеги акция. 5-март, 2019-жыл.

Алжирде президент Абдел Азиз Бутефликанын бешинчи мөөнөткө кайра барышына каршы акциялар 8-мартта да уланды.

Маалымат агенттиктери жума күнү он миңдеген кишилер көчөгө чыгышканын кабарлап жатышат. Демонстрация тынч өтүүдө. Борбор калаа Алжирде демонстрациялардын алдында метро жабылып, бир катар шаар аралык поезд каттамдары жабылган.

8-марттагы нааразылык акцияларынын алдында Бутефликанын атынан кайрылуу тарады. Анда президент тынч акциялардын тополоңго чейин жетишине жол берилбеши керектигин айткан.

Өлкөдө 2001-жылдан бери демонстрацияларга тыюу салынган. Бирок нааразылык акциялары акыркы күндөрү чоң шаарларда күн сайын өтүп жатат.

Алжирди 1999-жылдан бери башкарып келаткан 82 жаштагы Абдел Азиз Бутефлика учурда Швейцариянын клиникасында. Бийлик ал кадимкидей эле саламаттыгын текшертип жатканын маалымдаган.

Бутефликанын оппоненттери анын ден соолугу начар экенин жана президенттин милдетин аткара албай турганын белгилеп келишет. Президент бир нече жыл мурда инсульт болгондон бери коомчулукка сейрек чыгат. Ага карабай алдыдагы шайлоодо талапкерлигин койгон.

Соңку күндөрдө бийликтеги партиянын бир нече депутаты каршылык иретинде мандаттарын тапшырганы, өлкөдөгү белгилүү имам да президентке дуба кылуудан баш тартканы кабарланды.

Буга чейин Алжирдин көз карандысыздыгы үчүн болгон согуштун ардагерлери Бутефликаны талапкерлигин алууга чакырган.

Оппозициялык партиялар көз карандысыз өкмөт түзүү, президенттик шайлоону жарым жылдан кийин өткөрүүнү талап кылып, бул мезгил ичинде жаңы Конституциянын долбоорун жазып чыгууну сунуштады. Алжирде президенттик шайлоонун мөөнөтү 18-апрелге белгиленген.

XS
SM
MD
LG