Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:13

Садыр Жапаров: Адилеттик орноп жатканына ишендим (видео)


Садыр Жапаров апасын акыркы сапарга узаттуу зыйнатында.
Садыр Жапаров апасын акыркы сапарга узаттуу зыйнатында.

Абактагы саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Садыр Жапаров Кыргызстанда адилеттик орноп келатканына ишене баштаганын билдирди. Мындай пикирин 9-мартта апасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына барган учурда, элдин алдында сүйлөп жатып айтты:

- Мен камакта мыйзамсыз жатканымды эл билет. Мен мыйзамдуу, адилеттүү мамлекетте жашагым келет. Баары ошондой мамлекетте жашагысы келет. Адилеттик орноп келатканына мен бүгүн ишендим.

Жапаров Кумтөр маселесин көтөрүп, мурдагы бийликке жек көрүнгөнүн белгилеп, анын айынан камакта отурганын кошумчалады.

Ал апасын акыркы сапарга узатуу үчүн туулган кыштагына - Ысык-Көлдүн Түп районундагы Кең-Суу айылына 9-мартта барды. Аны убактылуу үйүнө барууга Жаза аткаруу мамлекеттик комитетинин жетекчилиги уруксат берди.

Жапаровдун апасы 7-мартта кайтыш болгон. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз өкүлү Элеонора Сабатарова мындай учурда камактагы адамды үйүнө барып келүүгө мыйзам жол бере турганын билдирген.

Топурак салууга саясатчылар Камчыбек Ташиев, Бектур Асанов, президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев баштаган бир топ саясатчылар катышууда.

Садыр Жапаров: Адилеттик орноп жатканына ишенем
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:18 0:00

2017-жылы Садыр Жапаровдун атасы көз жумган, бирок анда коштошуу зыйнатына барууга ага уруксат берилген эмес.

2013-жылы «Караколдо митингди уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде камалган Садыр Жапаров 11 жыл, алты айга кесилген.

Быйыл марттын башында Жогорку сот Жапаровдун ишин кайра кароону 23-апрелге белгиледи. Соттук жараян Кыргызстанда январдан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстерге байланыштуу каралат. (SE\AsM)

XS
SM
MD
LG