Ички иштер министрлигинин каттоосунда турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп шектелген жаран кармалды. Ал Өзгөн районунун 37 жаштагы жашоочусу экенин, изин жашырып жүргөн кезде 7-мартта Бишкек шаарында колго түшкөнүн Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ал 26-январь күнү Өзгөн районунун Жылалды айылынын 33 жаштагы тургунун уруп, 90 миң сом акчасын тартып алып койгон. Бул факт 6-февралда Өзгөн райондук милициясынын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жоруктар кодексинин 167-беренесинин (тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Бул ишке тиешеси бар деген шек менен кармалган адам 2017-жылы 30-декабрда Москва шаарындагы “Алмаз” кафесинен кыргызстандык эки жаранды уурдап кетип, мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышы бар деген шек менен издөөдө жүргөн. Москвадагы бул факт боюнча былтыр 3-январда Орусиянын Башкы тергөө органы ага издөө жарыяланган. Шектүү жаран Өзгөн райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. (MdN)