11-мартта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жана тоо кыркаларында бир аз кар жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот, кар көчкү түшүү коркунучу бар. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...+4, күндүз +9...+14,
Талас жергесинде түнкүсүн -3...+2, күндүз +6...+11,
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 1...6, күндүз +10...+15,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...+2, күндүз +4...+9,
Нарын аймагында түнкүсүн -9...-14, күндүз -1...+4,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21...-26, күндүз -2...-7 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 1…3, күндүз +11…+13 градус жылыйт.