Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:17

Кыргыздар Сауд Арабияда "Көчмөндөр ааламы" өнөрүн көрсөтүштү


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Сауд Арабиядагы "Camel Fest" маданий иш-чарасынын алкагында 9-мартта Кыргызстандан барган топ "Көчмөндөр ааламы" деп аталган этно өнөрдү тартуулашты. 

Бул тууралуу Көкбөрү федерациясынын өкүлү Жыргалбек Саматов кабарлап, видеолорду "Фейсбукка" жарыялады.

"Сamel Fest" фестивалы 9-23-март күндөрү болот. Ага катышкан 98 мамлекеттин өкүлдөрү маданият жана спорт жаатында өнөр тартуулашат. 

Иш-чарага катышуу үчүн кыргызстандыктарга эң көп — 2000дей квота бөлүнүп, 15 гектар жер ажыратылганы кабарланган. Чыгымды уюштуруучулар төлөйт.


 

 

XS
SM
MD
LG