Сауд Арабиядагы этнофестивалга даярдык учурунда бутунан оор жаракат алган кыргызстандык Асланайым Аширова Эр-Рияддагы ооруканалардын биринде дарыланууда. Ага зарыл жардам берилгенин "Көчмөндөр ааламы" делегациясынын уюштуруу комитетинин башчысы Айнура Темирбекова "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.
Анын алдында социалдык тармактарда Ашировага керектүү жардам берилбей жатканы тууралуу маалыматтар чыккан эле.
Кырсыкка кабылган жаачы Асланайым Аширова Салбуурун федерациясынын курамы менен барган. Ал өз өнөрүн ат үстүндө тартууламак.
Айнура Темирбекова Этно оюндардын дүйнөлүк конфедерациясы Ашированын абалына тынчсыздануусун билдиргенин, ал уюштуруучулардын көзөмөлүндө болорун кошумчалады.
Ашированын жанында Салбуурун федерациясынын өкүлү бар.
Сауд Арабияда "Сamel Fest" фестивалы 9-мартта баштады. Иш-чаралар 23-мартка чейин уланат. Ага катышкан 98 мамлекеттин өкүлдөрү маданият жана спорт жаатында өнөр тартуулашат.