Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 17:29

Түркиядагы элчиликке Кубанычбек Өмүралиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү


Кубанычбек Өмүралиев.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Түркиядагы элчисин дайындоо маселесин карайт.

Бул кызматка Кубанычбек Өмүралиевдин талапкерлиги көрсөтүлүп жатканы тууралуу маалымат парламенттен алынды.

59 жаштагы Өмүралиев буга чейин Кыргызстандын Беларустагы элчиси болуп эмгектенип келген.

Былтыркы ноябрдан бери Кыргызстандын Анкарадагы элчилик кызматы бош турган. Мурдагы элчи Ибрагим Жунусов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалган.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер комитети бүгүнкү жыйында Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Гүлнара Искакованын, Германиядагы элчиси Эринес Оторбаевдин жана Сауд Арабиясындагы элчиси Абдилатиф Жумабаевдин аткарган иштери тууралуу отчетун угат. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG