Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:27

Паспорт чыры боюнча германиялык компания сотко кайрылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанга электрондук паспортко бланктарды даярдоо боюнча тендер чырына байланыштуу германиялык «Muhlbauer ID Services» компаниясы сотко арыз берет. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган компаниянын өкүлдөрү кабарлашты. Маалыматка ылайык, германиялык компаниянын өкүлдөрү ушул аптанын ичинде Бишкектин район аралык сотуна кайрылып, тендердин жыйынтыгын кайра карап көрүүнү өтүнүшөт.

Мамлекеттик каттоо кызматы электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча 2018-жылы тендер жарыяланган. Бул тендерге беш компания катышып, литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңүүчү болуп табылган. Бирок германиялык «Muhlbauer ID Services» компаниясы «тендерде эреже бузууга жол берилди» деп сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну өтүнгөн эле. Учурда тендер чырын УКМК да иликтеп жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG