Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 04:49

Алжирдин президенти өлкөсүнө кайтып барды


Абдел Азиз Бутефлика.

Алжирдин президенти Абдел Азиз Бутефлика жекшембиде өз мекенине кайтып келди. Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик телеканалдары кабарлашты. 82 жаштагы президент эки жумадан бери Швейцарияда дарыланып жатканда Алжирде оппозиция массалык нааразылык акцияларын уюштурган.

Түмөндөгөн адамдар көчөгө чыгып, 20 жылдан бери мамлекетти башкарып келген Бутефликанын кайрадан шайлоого катышуусуна каршы чыгышкан. 8-мартта өткөн нааразылык акцияларына миллионго жакын адам катышканы кабарланды.

Бул акциялардын алдында Бутефликанын атынан кайрылуу таратылып, ал тынч акцияларды тополоңго айлантпоого чакырган. Буга карабай демонстрациялар 10-мартта уланды.

Алжирде президенттик шайлоо 18-апрелге белгиленген.

XS
SM
MD
LG