Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:23

Венесуэлада төрт күндөн бери жарык жок


Каракастын тургундары.
Каракастын тургундары.

Венесуэлада баш калаа Каракас баш болгон көпчүлүк аймактар төрт күндөн бери электр энергиясыз жашап жатат. Мындай кырдаалдан улам шаарларда ооруканалар, мектептер жабылып, коомдук транспорт иштебей калды.

Өлкөнүн президенти Николас Мадуро мындай кырдаал үчүн АКШны күнөөлөп, «америкалык хакерлердин жардамы менен Гури ГЭСинде саботаж болду» деп айтты.

Ал эми өзүн президент катары жарыялаган оппозициянын лидери Хуан Гуайдо энергетикалык кризиске өлкөдөгү башкаруунун начардыгы себеп болгонун айтып чыкты.

Венесуэладагы маалымат каражаттары бул жолу өлкөнүн 80 пайыз аймагы бир учурда жарыксыз калганын жазышууда.

XS
SM
MD
LG