Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 10:23

Дүйнөдө курал-жарак экспорту боюнча АКШ алдыда турат


Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Тынчык маселелерин изилдөө боюнча Стокгольм институту жарыялаган баяндамада айтылат. Андагы маалыматка караганда, Орусия экинчи орунду ээлеген. Институт акыркы төрт жылда курал-жарак экспорту боюнча АКШ менен Орусиянын ортосундагы айырма чоңоюп баратканын жана Кошмо Штаттардын көрсөткүчү мурдагы жылдарга салыштырганда 36 пайызга көбөйткөнүн жарыялады.

«АКШ дүйнөдөгү эң көп курал-жарак экспорттогон өлкө катары өз позициясын чыңдады» деп билдирди Тынчык маселелерин изилдөө боюнча Стокгольм институтунун өкүлү Ауде Флюрант.

Кошмо Штаттар акыркы беш жылда 98 өлкөгө курал саткан. Анда аскердик учактардан баштап баллистикалык ракеталарга чейин бар. Бул курал-жарактын 52 пайызы Жакынкы Чыгышка экспорттолгон.

Ошол эле маалда Орусиянын бул тармактагы экспорту акыркы жылдары 17 пайызга кемиген. Мындай кырдаал бул өлкөдөн Индия менен Венесуэла курал сатып алууну азайтканы менен түшүндүрүлүүдө.

Ал эми курал-жарак сатуу боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда Франция, андан кийин Германия жана Кытай орун алган.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG